Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

2022-жылдын 21- январы № 9-3

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022- жылга жергиликтүү бюджетинен Маданият боюнча дагы башка иш чаралар жана Спорт боюнча иш чараларга акча каражатын бөлүү жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетин бөлүүдө айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы кеңештин кароосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен Маданият боюнча иш чаралар болумуно – 300000 сом жана Спорт боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр жумуштарга -200000 сом сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.

 

Майрамдык оюн-зоок кечелерине

 

- 5000 сом 15-февраль Ооганчылар күнүнө

- 15000сом 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө

- 25000сом 8-март –аялдардын эл аралык майрам күнүнө

- 30000 сом 21-март Нооруз майрамына

- 25000 сом 9-май Жениш күнү майрамына

- 25000 сом 15-май Энелер күнүнө

- 10000 сом 25-май Акыркы конгуроо салтанатына

- 15000 сом 4-июнь Медицина кызматкерлер күнүнө

- 40000 сом 5-июнь Муниципалдык кызматкерлер күнүнө

- 30000 сом 31-август эгемендуулук күнү майрамына

- 5000 сом 1-сентябрь билим күнүнө

- 20000сом 22 –октябрь тушум майрамы

- 55000 мин 31-декабрь жаны жыл майрамы

 

Спорттук иш чараларга

 

- 45000 сом 23-февраль, 8-март, 21-март, майрам күнүнө волейбол мелдешине

- 105000 сом Айыл өкмөттүн атынан, мугалимдердин жана окуучулардын райондук,облустук, республикалык спартакиада катышуучуларына

- 32000сом облустук, республикалык Көкбөрү мелдешине катышуучуларына

- 18000 сом эркектер, аялдар үчүн спорттук форма

2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча”туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

Төрага:

 Ж.Назаров