Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

2022-жылдын 21- январы № 9-5

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген “Бал кыял” балдар бакчасын ремонттоо боюнча долбоорго акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына “Бал кыял” балдар бакчасын ремонттоо киргизилген. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүнө караштуу “Бал кыял” балдар бакчасын ремонттоого даяр долбоорго, мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга 265 000 (эки жүз алтымыш беш миң ) сом акча каражаты ажыратылсын.

2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

Төрага:

 Ж.Назаров