Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 21- январы № 9-7
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген “Россия колхозунун тарых музейинин” капиталдык оңдоо боюнча долбоорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына “Россия колхозунун тарых музейинин” капиталдык оёдоосу киргизилген. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүнө караштуу “Россия колхозунун тарых музейинин” капиталдык оёдоого даяр долбоорго, мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга 508190 (беш жүз сегиз миң бир жүз токсон ) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Назаров |