Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы
2022-жылдын 24- марты № 11-1
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кашкалдак айылынын тургун А.Орозованын арызын кароо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кашкалдак айылындагы көчөгө Кашкалдак айылынын тургуну маркум Шеранов Акматалинин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү А.Орозованын арызын канааттандыруу максатында, Кашкалдак айылынын көчөсүнүн тургундарынын 2022-жылдын 4-мартындагы айыл тургундарынын чогулуштук №2-протоколун карап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кашкалдак айылынын көчөсүнө Жолдошов Исамаматтин үйүнөн Раимжанов Миталдин үйүнө чейин Шеранов Акматалинин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун түп нускасын маалымат иретинде Ноокат райондук Кадастр мамлекеттик ишканасына жиберилсин.
3. Шеранов Акматали атындагы көчөнүн тазалыгын иретке келтирүү, көрнөк жарнактарды ирети менен илүү жана дайыма көзөмөлдөп туруу Кашкалдак айылынын айыл башчысы Медетбек Аматжановго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык этика, маданий каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Назаров |