Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы
2022-жылдын 24- марты № 11-3
Т.Зулпуев айыл атындагы өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты 4759,7 миң сом акча каражатын бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда калган калдыгы боюнча Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-мартында өткөрүлгөн сессиясында каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдын 1-январына 4759,7 миң сом калдык акча каражатынан айыл ъкмът башчысы Д.Тажибаевдин сунушуна ылайык, 1497,5 миң сом акча каражаты “Ви Ва Комфорт строй” ЖЧКсынын кредитордук карызына төлөп берүү жагы №1 тиркемеге ылайык каралсын. (тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 2022-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты каржылануусу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге жана айыл өкмөтүнүн Фининсы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Мурзаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Назаров |
| Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын № 11-3 токтомуна №1-тиркеме |
Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-январына калган калдыктын эсебинен 2022-жылдын айылдык бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
| (миң сом) |
Аталышы | Бөлүмү | берене | Сумма |
01.01.2022-жылга эсептик счеттундагы калдык |
|
|
4759,7 |
Кирешелердин жыйынтыгы |
|
|
4759,7 |
Билим берүү | 70921 | 3111 | 1497,5 |
Чыгашалар жыйынтыгы: |
|
|
1497,5 |
Катчы : | Үсөн уулу К. |