Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы
2022-жылдын 24- марты № 11-4
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты 4759,7 миң сом акча каражатын бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда калган калдыгы боюнча Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-мартында өткөрүлгөн сессиясында каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдын 1-январына 4759,7 миң сом калдык акча каражатынан айыл ъкмът башчысы Д.Тажибаевдин сунушуна ылайык, айыл өкмөтүнүн кредитордук карыздарына жана атайын долбоорлор үчүн №1 тиркемеге ылайык төлөп берүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет).
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 2022-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты каржылануусу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге жана айыл өкмөтүнүн Фининсы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Мурзаевага милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Назаров |
| Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын № 11-4 токтомуна №1-тиркеме |
Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-мартына калган калдыктын эсебинен 2022-жылдын айылдык бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
| (миң сом) |
Аталышы | Бөлүмү | берене | Сумма |
01.01.2022-жылга эсептик счеттундагы калдык |
|
|
4759,7 |
Кирешелердин жыйынтыгы |
|
|
4759,7 |
Аппарат | 701 | 2215 | 343,2 |
Жайыт комитети | 70429 | 2215 | 229,0 |
Турак жай коммуналдык кызматтар | 70629 | 3112 | 871,7 |
Орто мектеп | 70921 | 2221 | 100,4 |
Экономикалык маселе | 70491 | 2215 | 285,6 |
Аппарат | 701 | 2221 | 46,0 |
Чыгашалар жыйынтыгы: |
|
|
1875,9 |
Катчы : | Үсөн уулу К. |