Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы
2022-жылдын 24- марты № 11-5
“Райхон Ноокат” ЖЧКсы таксилеринин жол акысына болгон тарифтерин бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Райхон Ноокат” ЖЧКсы таксилеринин жол акысына болгон тарифтерин бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Х. Маткосимовдун 2022-жылдын 23-мартындагы №2/29 сандуу сураныч катын карап жана 2022-жылдын 24-мартындагы айылдык кеңештин кезексиз 11-сессиясындагы Х.Маткосимовдун баяндамасын угуп талкуулап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Райхон Ноокат” ЖЧКсынын калкты тейлөөдөгү күндүзгү жана түнкү отургузуу үчүн (посадка) +25 сомдон, ал эми километрине 30 сомдон белгилөөгө макулдук берилсин.
“Райхон Ноокат” ЖЧКсынын кызмат акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы Х.Маткосимовго жүктөлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү “Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Назаров |