Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы
2022-жылдын 24- марты № 11-6
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Караке айылынын Камал-Ата көчөсүнүн тургуну Матисаков Алтынбек Аманбайевичтин арызын кароо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Караке айылынын Камал-Ата көчөсүнүн тургуну Матисаков Алтынбек Аманбайевичтин жеке менчигиндеги 932,0 чарчы метр жер участогун пайдалануу багытын курулуш материалдарын жана унаа тетиктерин сатуучу дүкөн багытына которуу жөнүндөгү Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №2 протоколунун негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Караке айылынын Камал-Ата көчөсүнүн тургуну Матисаков Алтынбек Аманбайевичтин арызы канааттандырылып, жеке менчигиндеги 932,0 чарчы метр жер участогунун максаттуу пайдалануу багытын курулуш материалдарын жана унаа тетиктерин сатуучу дүкөн багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Назаров |