Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы
2022-жылдын 24- марты № 11-7
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Караке айылынын Камал-Ата көчөсүнүн тургуну Исламидин кызы Айжаркындын арызын кароо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Караке айылынын Камал-Ата көчөсүнүн тургуну Исламидин кызы Айжаркындын жеке менчигиндеги 500,0 чарчы метр жер участогун пайдалануу багытын багытын азык-түлүк, жер семирткичтерди сатуу боюнча соода борбору багытына которуп берүү жөнүндөгү Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №2 протоколунун негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Караке айылынын Камал-Ата көчөсүнүн тургуну Исламидин кызы Айжаркындын арызы канааттандырылып, жеке менчигиндеги 500,0 чарчы метр жер жер участогунун багытын азык-түлүк, жер семирткичтерди сатуу боюнча соода борбору багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Назаров |