КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 23- ноябры № 5/3
Полесса GS -575 маркасындагы комбайндын ижара акысын, 2021-жылга карата кыскартып берүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 15 -октябрь 2021-жылдагы № 3 “Полесса GS -575 маркасындагы комбайндын ижара акысы ЖПБ тарабынан 3-май 2021-жылы түзүлгөн келишимде белгиленген 300.000 сом ижара акысынан, 2021-жылга карата 200.000 миң сом ижара акысы кыскартып берүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Полесса GS -575 маркасындагы комбайндын ижара акысы 2021-жылга карата 150.000 (жүз элүү миң) сомго кыскартылсын.
2. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) тарабынан 3-май 2021-жылы түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
3. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2021-жылга ижара акысын өндүрүүгө белгиленген пландан 150.000 (жүз элүү мин) сомду кыскартып берүү жагы Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министирлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа райондук башкармачылыгынан жана Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министирлигинин райондук аймактык Финансы департаментинин башкармалыгынан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары З.Нурматовага, туруктуу комиссиялардын төрагалары М.Жуманазаровага, М.Аматовго жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |