Загрузка документа…
КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 23- ноябры № 5/4
“Кара-Кулжа Таза-Суу” жана “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканаларынын 2021-жыл бюджеттеринин 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө
“Кара-Кулжа Таза-Суу” жана “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканаларынын 2021-жыл бюджеттеринин 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалын караган айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 12.11.2021-жылдагы № 4 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. ”Кара-Кулжа Таза-Суу” Муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 4.391.719 сомго, чыгашасы 4.392.970 сомго айрым кемчилдиктер менен канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2. ”Кара-Кулжа Тазалык” Муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 4.259.442 сомго, чыгашасы 3.676.449 сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жуманазаровага жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |