Загрузка документа…
КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 23- ноябры № 5/5
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жыл бюджетинин 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жыл бюджетинин 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалын караган айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 12.11.2021-жылдагы № 4 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айыл окмотунун 2021-жылга карата 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 34.617.300 сомго, чыгашасы 26.669.300 сомго айрым кемчилдиктер менен канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн ачыктык, айкындуулук, натыйжалуулук принциптери жөнүндө айыл өкмөтүндө маалымат бурчтарын уюштууру, бюджеттин диограммалык, графикалык жана таблицалык көрсөткүчтөр менен жабдуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө (В.Маматалиева) жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин талаптарын аткарууну камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы В.Маматалиевага тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жуманазаровага жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |