Загрузка документа…
КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 23- ноябры № 5/6
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнү караган айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 12.11.2021-жылдагы № 4 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:-
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2021-жылдагы 3111-статьясындагы спорт зал курулушка бөлүнгөн 3.850.000 сом жана 2511-статьясындагы техника сатып алууга бөлүнгөн 3.000.000 сом жалпысынан 6.850.000 (алты миллион сегиз жүз элүү миң) сом акча каражаты “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасына субцидия катары эксковатор сатып алууга бөлүнүп берилсин.
- “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасына субцидия катары бөлүнгөн 6.850.000 (алты миллион сегиз жүз элүү мин) сом акча каражатына,эксковатор сатып алуу боюнча сатып алууларды уюштуруу жана мыйзам чегинде порталга жайгаштыруу жагы “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын директору Абдилкадыр уулу Биймырзага тапшырылсын.
- 3112 статьясындагы мектептерге инвентар сатып алууга каралган каражаттан, КААБ дын бөлмөлөрүн жылытуу үчүн жылытуучу печкаларды сатып алууга 30.000 (отуз миң) сом жана аппараттын жылытуу системасын ондоого 180.000 (жүз сексен мин) сом жалпысынан 210.000 (эки жүз он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көмүрдөн жардам берүүгө 2215 статьясындагы өзгөчө кырдаалдарга каралган 200.000 сом акча каражатынан, 200.000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана каражатты максаттуу жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн социалдык комиссиясына тапшырылсын.
- Ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берүү жөнүндө 1-Май айылынын жакыр үй-бүлөө Конуратова Гүлбайрага печка куруп берүүгө 50.000 сом, Кара-Кулжа айылынын дүлөй-дудуктар 2-топтогу майып А.Алиевге турак үйүнүн үстүн жабууга 50.000 сом, Кара-Кулжа айылынын тургуну 1-топтогу майып Аматов Салмоорбекке дарыланууга 50.000 сом, Кара-Кулжа айылынын жакыр үй-бүлөө, жалгыз бой ата Ободоев Каныбекке балдарына окуучулук форма алып берүүгө 50.000 сом жана 1-Май айылынын тургуну, 8-баланын энеси, баатыр-эне, турмуш-шарты оор Жантөрөева Рахаттын балдарына кышка кийим, бут кийим алууга жана азык-түлүктөн жардам берүүгө 50.000 сом жалпысынан 135.000 (жүз отуз беш миң) сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунан жана 2222 статьясындагы аппаратка каралган 115.000 сом жалпысынан 250.000 (эки жүз элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.
- Айыл өкмөтү мамлекеттик программаларды турмушка ашырууну камсыздоого уюштуруу техникаларды сатып алууга 2211 статьясындагы аппаратка каралган 100.000 сом жана 2215 статьясындагы аппаратка каралган санарип аймакка каралган каражаттан 100.000 сом сом жалпысынан 200.000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Айылдарга бөлүнгөн жана мектептердин, бала бакчалардын 2212 статьясындагы акча каражатынан 1-Май айылындагы Кулаган-Таш, Э.Алиев, Кашат жана Ж.Акматалиев атындагы көчөлөргө шагыл төшөп жайдырууга 260.000 (эки жүз алтымыш миң) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жуманазаровага жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |