Загрузка документа…
КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 23- ноябры № 5/7
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 21.02.2019-жыл № 14/ 2 “Кара–Кулжа-Ош, Кара–Кулжа-Өзгөн, Кара–Кулжа-Кара-Суу, Кара-Кулжа –Мырза-Аке” маршруттарынын тарифтерин бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 19.07.2013-жыл № 154 “Автомобиль транспорт жөнүндөгү” Мыйзамынын 11-2 беренеси “Жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жургунчулорду ташууга тарифтер, автомобильдик ташуунун тарифтик саясатынын алкактарында оз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилиши жөнүндөгү” болумчосун жетекчиликке алып жана “Ошазиямагистраль” ЖЧК нын 10-ноябрь 2021-жылдагы № 2 кайрылуусун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 21.02.2019-жыл № 14/ 2 “Кара–Кулжа-Ош, Кара–Кулжа-Өзгөн, Кара-Кулжа –Мырза-Аке” маршруттарынын тарифтерин бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизилсин.
2. Кара–Кулжа-Ош каттамы 150 (жуз элүү) сом, Кара–Кулжа-Кара-Суу каттамы 150 (жуз элүү) сом, Кара–Кулжа-Өзгөн каттамы 70 (жетимиш) сом, Кара-Кулжа –Мырза-Аке каттамы 50 (элүү) сом өлчөмүндө тарифтери бекитилсин.
3. Кара–Кулжа-Ош, Кара–Кулжа-Кара-Суу, Кара–Кулжа-Өзгөн, Кара-Кулжа –Мырза-Аке каттамынын тарифтерин жетекчиликке алуу жагы “Ошазиямагистраль” жүргүнчүлөрдү ташып кызмат көрсөткөн жопкерчилиги чектелген ишканага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Камчыбеков Аскат Абжапаровичке тапшырылсын.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |