Загрузка документа…
КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 23- ноябры № 5/9
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнү караган айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 12.11.2021-жылдагы № 4 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:-
- 1-Май айылындагы “Жоогазын” балдар бакчасынын жаны курулушунун ПСД даярдоого 650.000 сом каражат бөлүнүп берилсин.
- Суранбай көчөсүндөгү Белек чайханасын ондоого 338.000 сом кошумча акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен Биймырза айылынын ички көчөлөрүнө жалпысынан 5 даана асбест труба жана Сары-Камыш айылынын ички көчөлөрүнө жалпысынан 3 даана асбест трубаларын орнотуу жалпысынан 8 даана асбест трубаларын сатып алууга 64.000 сом бөлүнүп берилсин.
- “Биймырза” балдар бакчасына катуу жана жумшак инвентар сатып алууга 228.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Кара-Кулжа Токой чарбасынан көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга көчөт сатып алып төлөнбөй жаткан карызды төлөөгө 155.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- О.Сайдилканов автор мектебине каана курулушун курууга 130.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- 1-Май айылындагы Молдо-Жангара, Алиев Эрмекбай көчөсүнө таза-суу түтүгүн орнотууга 160.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен Кара-Кулжа айылындагы Ж.Калматаев көчөсүнө латок орнотууга 200.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен Сары-Камыш айылындагы ички көчөлөргө шагыл төшөөгө 88.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен Биймырза айылындагы Жаны-Чек көчөсүнө шагыл төшөп жайдырууга 100.000 ( жүз миң) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
-- Кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен 3-жылга чейинки стажы бар жаш мугалимдерин колдоого 150.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
-- Кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен Т.Самидинова көчөсүн агын-суудан калктуу конушту сактоого 200.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Биймырза айылындагы “Парчабү-Эне” балдар бакчасынын жаны калифарка печкасын сатып алууга 90.000 сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
- Кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен 1-Май айылындагы “Салкын-Жээк” балдар бакчасынын айланасын тосууга 121.570 сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жуманазаровага жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Бөрүбаев |