Редакцияот 03.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IV сессиясы

2021-жылдын 3- ноябры № 22

Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бекитилген бюджетинин 9 ай ичинде аткарылган иштери жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IV сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 64-беренесинин негизинде Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бекитилген бюджетинин 9 ай ичинде аткарылган иштери боюнча ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын 26.10.2021-жылдагы маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бекитилген бюджетинин 9 ай ичинде аткарылган иштери боюнча ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын 26.10.2021-жылдагы маалыматы эске алынсын.

 

Тиркеме тиркелет.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Акназаров

 

 

Тиркеме

Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9 айында бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат

 

№

Иштин мазмуну

Сумма

 1.

Аймактык инспекторлорго

15000

 2.

Класстык журналга

20000

 3.

“Үрбү-Апа” балдар бакчасына интернет орнотууга

69000

 4.

Материалдык жардам

70600

 5.

Айылдык кеңештин токтомдорун сайтка жарыялоого

19000

 6.

Кальта айылынын көчөсүн жарыктандырууга

525000

 7.

Кеңсе товарларын алууга

100000

 8.

Кантораны ремонт кылууга

42000

 9.

Счетчикти лабораториядан өткөрүүгө

8000

 10.

Кызматтык авто унаанын транспорт салыгына

1125

 11.

Шайлоого керектүү жабдыктарды алууга

8000

 12.

СВА, ФАПтарга

15300

 13.

Жылалды кичи футбол аянтчасына

1000000

 14.

“Өзгөн нуру” гезитине жарыяга

17500

 15.

Адистерди окутууга

11200

 16.

Архитектурага

223945

 17.

Ит атууга

40000

 18.

8-март аялдардын эл аралык майрамына

50000

 19.

1-С программасын орнотууга

120000

 20.

21-март Нооруз майрамына

30000

 21.

ЖЧК “Токошевге” эски карызга

1400000

 22.

Интернет коюуга

9100

 23.

Афганчыларга

15000

 24.

Райондук шахмат турнирине

15000

 25.

Электр жабдыктарын алууга

8500

 26.

Компьютерлерди оңдоого

30000

 27.

Прогресс айылына шагыл төгүүгө

210000

 28.

Майыптарга, жакырларга көмүр алууга

160000

 29.

Майыптар күнүнө

35000

 30.

Дезинфекцияга

25000

 31.

Бензинге

124233

 32.

Сапар чыгымына

139200

 33.

Байланыш кызматына

50000

 34.

“Мээр-Чөптөн” эски карызга

104130

 35.

Электр энергияга

600500

 36.

Бала бакчалардын ар түрдүү чыгымдарына

186000

 37.

Жайыт комитетине

162300

 38.

Бала бакчалардын тамак-ашына (бюджеттен)

717822

 39.

Бала бакчалардын тамак-ашына (атайын каражат)

695287

 40.

Көмүр алууга

1009840

 41.

Спортчуларга

15000

 

Жыйынтыгы

8097582

 42.

Эмгек акы

3110700

 43.

Соц фонд

517800

 

Жалпы жыйынтыгы

11726082

 

ФЭБнүн башчысы:

Н.Мырзабаева