ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IV сессиясы
2021-жылдын 3- ноябры № 23
Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын 2021-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IV сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 56-беренесинин негизинде Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын (А.Сарыков, Марат уулу И, С.Боржуева, Ж.Баргыбаев) 2021-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча 26.10.2021-жылдагы маалыматын, социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын 27.10.2021-жылдагы корутундусун угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчылары А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, С.Боржуеванын, Ж.Баргыбаевдин 2021-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Акназаров |