Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII заседаниеси
2021-жылдын 7- октябры № 8/1
Күз-кыш мезгилдерине карата мекемелерди, соц.обьектилерди даярдап, ремонттолушунун абалын кароо жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл өкмөткө караштуу мектептердин жаңы 2021-2022-окуу жылына карата даярдыгы, мекеме ишканалардын ремонт иштеринин абалы ,кышка карата даярдык көрүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү, ошондой эле бир катар кемчиликтерди эске алуу менен канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кыш мезгилине карата мектеп имараттарынын жана от казандары жайгашкан бөлмөлөрүндөгү электр өткөргүчтөрүн талапка ылайык тартуу, трансформатордук подстанциялардын айланасын тосуп, коопсуздук абалын камсыздоо, өрт калканчасынын шаймандарын толуктоо, ишкана жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Мектептерде электр энергиясын үнөмдөө максатында, мүмкүнчүлүккө жараша электр энергиясы менен жылытуучу мектептерди көмүр менен жылытууга өткөрүү жагы мектеп директорлоруна тапшырылсын.
4. Мекеме-ишканалардын, мектептердин бөлмөлөрүндө жылуулукту сактоо максатында терезелерди жылуулоо, эшиктерди бекемдөө иштери алынып барылсын, түзүлгөн келишимдерге ылайык көмүр тартып келүү иш аракеттери көрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо мектеп, мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Матабаров. |