Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII заседаниеси
2021-жылдын 7- октябры № 8/7
Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылынын тургундарынын элдик жыйнынын макулдугу менен маркум Насирдинов Улан Абдымомуновичтин атын Миязды айылында курулган кичи фудболдук аянтчага атын берүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылынын тургундарынын 2021-жылдын 22-сентябрындагы элдик жыйнынын макулдугу менен маркум Насирдинов Улан Абдымомуновичтин атын Миязды айылында курулган кичи фудболдук аянтчага атын берүү жөнүндө Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылынын тургундарынын 2021-жылдын 22-сентябрындагы элдик жыйнынын макулдугунун негизинде Миязды айылына кошкон зор салымы жана үлгүлүү жүрүм туруму менен айыл элине бир катар жакшы иштерди көрсөткөндүгү үчүн маркум Насирдинов Улан Абдымомуновичтин атын Миязды айылында курулган кичи фудболдук аянтчага ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Матабаров. |