ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII заседаниеси
2021-жылдын 7- октябры № 8/9
Айыл аймагында бал аары кармоочулардын бирикмеси түзүлгөндүгүнө байланыштуу алардын талабына ылайык жер бөлүп берүү жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын VIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл аймагында бал аары кармоочулардын бирикмеси түзүлгөндүгүнө байланыштуу алардын талабына ылайык жер бөлүп берүү максатында Төрөшев Каныбек Сабировичтин өзүнүн макулдугу менен үлүш жеринен 0,20 га жер бөлүнүп берилсин .
2. Кабыл алынган токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жана айылдык кеңештин жер бөлүштүрүү боюнча туруктуу комиссиясына ошондой эле жер адиси А.Жээнбековго милдеттендирилсин .
Төрага: | К.Матабаров. |