Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX заседаниеси

2021-жылдын 15- ноябры № 9/2

Айыл өкмөттүн ветеринардык адисинин жүргүзүп жаткан иши жөнүндө

Калкка ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу жана жугушсуз оорулардын алдын алуу иштеринин абалын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32,33-беренесине таянып Жошолу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча айыл өкмөттүн ветеринардык адиси С.Алымкуловдун бир катар жумуштардын аткарылгандыгы менен катар кемчиликтердин да бар экендиги белгиленип, канааттандырарлык деп белгиленсин .

2. Вет.адиске ,айыл башчыларга :

- Айыл чарба малдарын ветеринардык байкоого алуу, жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөрдү өз мөөнөтүндө жүргүзүү;

- кутурма оорусу менен алдын алуу иштери ыкчам аракетте жүргүзүү;

- кутурма оорусуна каршы айыл тургундарынын мал жандыктарын вакцина менен эмдөө 15-күндүн ичинде толук ишке ашырылсын.

3. Кутурма чыккан үй ээлеринин мал жандыктары талапка ылайык өрттөлүп чуңкурчага көмүлүп , зыянсыздандырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн вет.адиси С.Алымкуловго , ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

К.Матабаров.