ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX заседаниеси
2021-жылдын 15- ноябры № 9/3
Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылындагы «Муз –Булак» участкасында аныкталган Капаров Абдикаримдин мыйзамсыз ашыкча пайдаланып жүргөн жер аянтын айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондуна алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 мыйзамынын 11-главасынын 66-статьяснын 1,2,3 беренесине ылайык жана Алай райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 18-октябрындагы № 11-553-2021 сунуш катынын негизинде Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылындагы « Муз-Булак» участкасындагы Капаров Абдикаримдин ашыкча пайдаланып жүргөн 0,35 га кайракы , 1.05 га чөп орундуу жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондуна алуу жөнүндө Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылынын тургундары маркум Атикеев Мамырга тиешелүү 0,20 га кайракы айдоо, маркум Атикеев Бакытка тиешелүү 0,16 га кайракы айдоо жер аянттары Капаров Абдикаримдин ашыкча пайдаланып жүргөн жеринен Алай райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 18-октябрындагы № 11-553-2021 сунуш катынын негизинде бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 мыйзамынын 11-главасынын 66-статьяснын 1,2,3 беренесине ылайык жана Алай райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 18-октябрындагы № 11-553-2021 сунуш катынын негизинде Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылынын « Муз-Булак » участкасындагы Капаров Абдикаримдин ашыкча пайдаланып жүргөн жер участогунан Атикеевдердин үлүшүнө бөлүнүп берелгенден калган 0,35 га кайракы жана 1,05 га чөп орундуу жер тилкелери айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондуна алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысына жана жер адиси А. Жээнбековго милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Матабаров. |