Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IX заседаниеси

2021-жылдын 15- ноябры № 9/4

Аюу-Тапан айылына “ Эркин энергосеть” ЖЧК коому тарабынан кичи ГЭС куру үчүн түтүкчөлөрүнө жер берүү боюнча

Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылына “ Эркин энергосеть” ЖЧК коому тарабынан кичи ГЭС куруу үчүн түтүкчөлөрүнө жер участогун бөлуп берүү боюнча сунушун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 82 беренелерине Кыргыз Республикасынын “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамынын 5 жана 6 беренелерине, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31, 36 жана 37 –беренелерине ылайык Жошолу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Тапан дарыясынын жээгинен кичи ГЭСке суу түтүктөрүн алып келүү үчүн узуну 900 метр туурасы 10 метр болгон жер аянтына токтом чыкпай калгандыгына байланыштуу кошумча суу түтүкчөсүн алып келүү үчүн 0,90 га жер аянты жана Орто –Суу айылына курулуучу кичи ГЭСтин түтүкчөлөрүн алып келүү үчүн узуну 600 метр туурасы 10 метр жалпы 0,60 га жер аянты такталып , бөлүнүп берилсин .

2. Кичи ГЭСти курууда мыйзамдуу , сапаттуу пайдалануу жактарын карап , анын иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жээнбековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысына жана жер адиси А. Жээнбековго милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Матабаров.