Редакцияот 06.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы

2021-жылдын 6- сентябры № 17

Жекенди айылдык аймагындагы билим берүү мекемелеринин 2021-2022-жыңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө

Жекенди айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жекенди айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин 2021-2022-жыңы окуу жылына карата даярдыгы канаатандырарлык деп белгиленсин.

2. Жекенди айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин 2021-2022-жылдын кыш мезгилине карата даярдыгы 2021-жылдын октябрь айына толугу менен бүткөрүлсүн.

3. Жекенди айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин 2021-2022-жыңы окуу жылына жана кышка карата кээ бир жетишпестиктерине кошумча акча каражаттарын карап аткарылышын ишке ашыруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нишанбаевге жана ФЭБ нүн башчысы С.Маматовго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Мурзапар уулу Назириллого жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Абдукалилов