Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 29- апрели № 9-1
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына негиз үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүү тартибинин типтүү Жобосун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына негиз үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүү тартибинин типтүү Жобонусун бекитүү жөнүндө маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына негиз үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн демилгелүү топтун иштеп чыккан Жобосу бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).
Кыргыз-Ата айыл аймагында, айылдарда жана калктуу конуштарда элдин жашоо
турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы бекитилсин (2-тиркеме тиркелет).
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңешинин депутаттары, аялдар
кеңешинин төрайымы жана мүчөлөрү, маданият кызматкерлери, айыл башчылары, имамдары жана айыл аксакалдары мечиттерде жана эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өздөрүнүн эл арасында үлгү катары көрсөтүү жагы талап кылынсын.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына
негиз үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү Жобонун талабын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине таянып, жергиликтүү комиссия тийиштүү чараларды көрүшсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Төрага: | Женишбай у. Э |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги тогузунчу сессиясынын 2022- жылдын 29-апрелиндеги № 9-1 токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына негиз үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү Жобо
Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике(үйлөнүү) той, куда тосуу, кыз узатуу, юбилейлик жаштарды белгилөө, кичи жана чоң ажы сапарынан келгенде учурашуу маараке салтанаттары кирет.
2. Үй-бүлөлүк салтанаттар райондук маанидеги шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
3. Үйлөнүү той өз ыктыярлары менен эки тараптын (кудалар) эсебинен 200 адамга чейинки “Банкеттик кече” же конок тосуу менен “Салтанаттуу той” формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Үйлөнүү тоюунда ири бир баш бодо мал же бир жылкы союуга уруксат берилет. Бирок, ашыкча сый дасторкондорду уюштурууга тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.
4. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш-чараларда (каада-салттарда) эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди жана идиш-аяктарды берүүгө тыюу салынат. Кыз-жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди, белектерди берүүгө уруксат берилет, кыздын калыңы, кызга сеп берүү эки жаштын ата-энесинин макулдашуусу менен жүргүрзүлөт. Бирок кыздын калыңы максимум 150 миң сомго чейин, 4 союш, 100 кг (2 таңгак) пахтадан ашырылбайт. Кызга сеп берүүдө ашыкча жууркан-төшөк берилбейт (6 көрпө, 6 төшөк, 10 жакандоз, 2 одеал, 8 жуп жаздык) турмуш-тиричиликке керектүү зарыл буюмдар гана берилет.
5. Тойдон кийинки салттык отко кирүү, кыз көрдү, төркүлөтүү, бешик той сыяктуу кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсүнүн арасында 12 конок адамдан ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүлөт. Ашыкча ысырапкерчиликке жол берилбейт.
6. Кыз узатууда 10-15тен ашык түрдүү кийим кече берүүгө, күйөө баласын 40 күн багууга, ар майрам сайын күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.
7. Кыз тарапка бата той алып барганда 12 адам, күйөө жолдоштор 10 дон ашпоосу керек.
8. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү салтанатында 3төн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат.
9. Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюуга тыюу салынат. Расмий молдолорго гана он сегизге чыккан ЖААК бөлүмүнөн нике күбөлүгүн алган же ошону ырастоочу документи бар эки жашка нике кыюуга уруксат берилет.
10. Кыз узатуу той ашыкча ысырапкерчиликсиз үйдө туугандарын, айылын чакыруу менен өткөрүлөт.
11. Кичи жана чоң ажы сапарынан келгенде учурашуу элдик жалпы тойго айландырбай чакырылгандардын жана жакын туугандарынын гана катышуусунда ашыкча чыгымдарысыз өткөрүлөт. Себет көтөрүп келүү, нан-пакет, белектер, жайнамаз, жоолук, тесбү, топу, калпак, материалдар берилбейт, таркатылбайт.
12. Сүннөт той бир күндө жакын туугандарынын арасында эки жашар музоо же бир майда жандык союп өткөрүлөт. Сүннөткө жаткырылган балага майда кымбат эмес белектерди берсе болот.
13. Юбилейлик жаштарды белгилөө жакын туугандар арасында ашыкча чыгымдарсыз үй-бүлөлүк майрам катары белгилөөгө уруксат берилет.
14. Мектептерде алиппе майрамын жана бүтүрүүчү класстар (9-11-класстар) үчүн кече өткөрүүгө тыюу салынат. Линейка жана концерттик программа менен жыйынтыкталат. Белектер үчүн акча чогултулбайт.
Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
1. Маркумду эскерүү ырым-жырымдары райондук маанидеги шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
2. Маркум чыккан (азалуу) үйдө алгачкы үч күн ичинде эч кандай жандык союлбайт, келгендерге дасторкон жайылып, тамак-аш берилбейт.
3. Сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымына ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат.
4. Маркумга атап үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык, айттыгын белгилөөгө жана дасторкон даярдоого, союш жетелеп барып, чай ичирди кылууга тыюу салынат.
5. Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүго (баш кийим, чепкен, көйнөк), маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, “жыртыш” таратып берүүгө, майда-барат буюмдарды (чыны, табак, дасторкон, самын, жип, чачык, бет аарчы, чай, акча) таратууга тыюу салынат.
6. Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат.
7. Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албастан бир жолу кайрымдуулук иретинде (ихсан) куран окутууга уруксат берилет.
Жооптуу катчы | К. Заирова |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги тогузунчу сессиясынын 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 9-1 токтомуна 2-тиркеме |
Кыргыз-Ата айыл аймагында, айылдарда жана калктуу конуштарда элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы:
1. Эшполотов М. Э.
2. Женишбай у. Э
3. Жусубалиев А. Б.
4. Заирова К. Э. | - Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы |
Комиссиянын мүчөлөрү:
5. Матиев Ө. М. 6. Аттокурова Ш. А 7. Токторов У. М. 8. Садирова Т. Т. 9. Маматов М. 10. Абдикеримова М. 11. Азимбаева Ф. М. 12. Муктар у. Ы 13. Исаева Б. | - Кыргыз-Ата айыл аймагындагы орто мечиттин имамы - Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү социалдык иштер боюнча башкы адиси - Кыргыз-Ата айыл аймагынын МУУ милициянын лейтенанты - Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү аялдар кеңешинин төрайымы - Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү аксакалдар сотунун төрагасы - Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү ҮДТ № 10 дарыгери - А. Парпиев атындагы гимназиянын директору - Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн ага салыкчысы - Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылынын тургуну |
Жооптуу катчы | К. Заирова |