Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 29- апрели № 9-2
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлери тарабынан аткарылган иштеринин 2021-жылга карата отчётун угуу жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлери тарабынан аткарылган иштеринин 2021-жылга карата отчётун угуу жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлери тарабынан аткарылган иштеринин 2021-жылга карата отчёту “эң жакшы” деп табылсын (тиркелет).
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн өз убагында толтуруу, жогорку органдардан келген салык боюнча план тапшырмаларды кечиктирбестен, өз убагында аткаруу айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Женишбай у. Э |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги тогузунчу сессиясынын 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 9-2 токтомуна тиркеме |
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 2021-жылда чогулган салыктар боюнча маалымат
№ | Салыктын түрү | План (миң сом м-н) | Аткарылганы | Пайызы | + ; - | Эскертүү |
1 | Милдетүү патент | 90 | 100,9 | 112,1111 | 10,9 |
|
2 | Ыктыярдуу патент | 830 | 846,5 | 101,988 | 16,5 |
|
3 | Мүлк салыгы | 113 | 127,5 | 112,8319 | 14,5 |
|
4 | Транспорт салыгы | 1750 | 1753,4 | 100,1943 | 3,4 |
|
5 | Огород | 635 | 627,7 | 98,85039 | -7,3 |
|
6 | Жер салык | 830 | 811,8 | 97,80723 | -18,2 |
|
7 | Несельхоз | 220 | 293,8 | 133,5455 | 73,8 |
|
8 | Таштанды салыгы | 339 | 353,3 | 104,2183 | 14,3 |
|
|
|
|
| 0 |
| |
| Жалпысы: | 4807 | 4914,9 | 102,2446 | 107,9 |
|
Жооптуу катчы | К. Заирова |