Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 29- апрели № 9-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Ата айылындагы А. Парпиев атындагы мектеп-гимназиясына 150 орундуу жатак-гимназия ачуу жөнүндөгү протоколдорду бекитүү тууралуу
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Ата айылындагы А. Парпиев атындагы мектеп-гимназиясына 150 орундуу жатак-гимназия ачуу жөнүндөгү протоколдорду бекитүү тууралуу маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Ата айылындагы А. Парпиев атындагы мектеп-гимназиясына 150 орундуу жатак-гимназия ачуу жөнүндөгү Кыргыз-Ата айылынын тургундарынын 2022-жылдын жана А. Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдер жамааты менен өткөрүлгөн 2022-жылдын жалпы чогулуштарынын чечимдери бекитилсин (1-2-тиркемелер тиркелет).
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Ата айылындагы А. Парпиев атындагы мектеп-гимназиясына 150 орундуу жатак-гимназия ачууга макулдук берилсин.
3. А. Парпиев атындагы мектеп-гимназиясына 150 орундуу жатак-гимназия ачуу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан уруксат алуу, юридикалык каттоодон өткөрүүгө көмөк көрсөтүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Женишбай уулу Э |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги тогузунчу сессиясынын 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 9-3 токтомуна тиркеме 1-тиркеме |
Парпиев Абдижалал атындагы мектеп-гимназиясынын кезектеги ата-энелер чогулушунун протоколу
05-март 2022-жыл Чогулушка 131 ата-эне катышты. Чогулуштун төрайымы: Зиягүл Мамашова | Кыргыз-Ата айылы |
Күн тартибинде:
Парпиев Абдижалал атындагы мектеп-гимназиясын жатак-гимназияга айлантуу жөнүндө
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча Парпиев Абдижалал атындагы мектеп-гимназиясынын ата-энелер комитетинин төрайымы Зиягүл Мамашова билдирүү жасады. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
Гимназиянын мүмкүнчүлүктөрүн дагы да толугу менен пайдалануу үчүн жатак-гимназияга айлантуу максатка ылайыктуу болорун белгилеп өттү. Анткени, балдарыбыз ар тараптан билимге сугарылып, бүгүнкү күндүн талабына жооп бере алган, акыл-эмгеги менен иштей ала турган инсан болуп жетилүүсү үчүн мыкты билимди мектептен алуусу керектигин айтты.
Чыгып сүйлөштү:
Айыл тургуну Майрам Эшатова- Жатак-гимназия болсо балдарыбызды кыйнабай ушул жерде эле окуганга шарт болмок. Жолдун алыстыгынан кыштын суук күндөрү балдарыбыз кыналат эле.
Жыргал Пиримов- менин балдарым алыскы айылдан каттап окушат, биз да ата-энелер колдон келген жардамды берип, жатаканасы бар гимназия болсо, балдарга окуганга жакшы шарт болот.
Зиягүл Мамашова – башка айылдан келген окуучулардын ата-энелери да балдарын жакшы мектептен окуткусу келип жөнөтүп жатканын, бирок балдарды жолдо жүрүү чарчатып коерун айтышты. Эгерде жатакана ачылса балдарга сонун шарт түзүлүп, калган балдарын да окутканга аракет кылышарын айтышты. Чогулуштун катышуучуларынын атынан Парпиев Абдижалал атындагы мектеп-гимназиясынын директору, жамаат сиздерден ата-энелердин атынан сураныч биздин талап-суранычыбызды тиешелүү документтерин даярдап жардам берүүңүздөрдү суранабыз.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, кеңешме чечим кылат:
1. Парпиев Абдижалал атындагы мектеп-гимназиясын жатак-гимназияга айлантуу сунушу жактырылсын.
2. Жатак-гимназияга айлантуу жөнүндөгү документтер тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу мекемелерине сунушталсын.
3. Чечимди бекитип берүү жагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинен суралсын.
Чогулуштун төрайымы | З. Мамашова |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
К. Заирова |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги тогузунчу сессиясынын 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 9-3 токтомуна тиркеме 2-тиркеме |
Парпиев Абдижалал атындагы мектеп-гимназиясынын педагогикалык кеңешмесинин чогулушунун протоколу
07-март 2022-жыл Чогулушка катышкандар 30 Чогулуштун төрайымы: Фарида Азимбаева | Кыргыз-Ата айылы |
Күн тартибиндеги маселе:
Парпиев Абдижалал атындагы мектеп-гимназиясын жатак-гимназияга айлантуу жөнүндө
Угулду:
Күн тартибиндеги маселе боюнча Парпиев Абдижалал атындагы мектеп-гимназиясынын директору Фарида Азимбаева билдирүү жасады. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
Гимназиянын жатак-гимназияга айлануусу алдына койгон максаттарына жетүүгө бир кыйла өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Окуучу мектептен билим алып, үйүнө баргандан кийин билим алуу процесси токтоп, башка тиричилик процесси башталарын, үй тапшырмасын аткаруу менен гана чектелип, өз алдынча билим алуу токтоп калгандыктан, тереңдетилген билим алуу болбой жаткандыгын айтып өттү. Эгерде жакат-гимназияга айлантсак, түзүлгөн программалардын негизинде баланын билим алуусу, үйрөнүүсү токтоп калбагандай шарт түзүлмөк. Азыркы ааламдашуу мезгилинде сабак учурунда алган билим менен гана чектелүү көп ийгилик жарата бербесин баарыбызга маалым болуп калды. Бала билим алуу менен аны амалиятта колдоно алуу менен алектенсе жогору деңгээлдерге көтөрүлө алуусуна мыкты шарт түзүлөрүнө токтолду.
Жатак-гимназияга айлантуу бүгүнкү күндун талабы болуп тургандыгы, Парпиев Абдижалал атындагы гимназияга баласын окутууну каалаган башка айылдардын ата-энелери да кызыкдар экендиктерин, бирок жатакана болбогондуктан окута алышпай жаткандыгын мугалимдер жамааты да айтып өтүштү.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, кеңешме чечим кылат:
1. Парпиев Абдижалал атындагы мектеп-гимназиясын жатак-гимназияга айлантуу сунушу жактырылсын.
2. Жатак-гимназияга айлантуу жөнүндөгү документтер тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу мекемелерине сунушталсын.
3. Чечимди бекитип берүү жагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинен суралсын.
Чогулуштун төрайымы | Ф. Азимбаева |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
К. Заирова |