Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 29- апрели № 9-4
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер, жерди ижарага берүү, аукциондо сатуу-сатып алуу жана менчик укугуна бекитип берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер, жерди ижарага берүү, аукциондо сатуу-сатып алуу жана менчик укугуна бекитип берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер, жерди ижарага берүү, аукциондо сатуу-сатып алуу жана менчик укугуна бекитип берүү боюнча жер комиссиясын курамы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү жерлерди жана жерди аукционго сатуу-сатып алуу боюнча мыйзам чегинде ишти аткаруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер, жерди ижарага берүү, аукциондо сатуу-сатып алуу жана менчик укугуна бекитип берүү боюнча жер комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Женишбай у. Э |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги тогузунчу сессиясынын 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 9-4 токтомуна тиркеме |
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер, жерди ижарага берүү, аукциондо сатуу-сатып алуу жана менчик укугуна бекитип берүү боюнча жер комиссиясынын курамы:
1. Т. Садиров – Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы
2. Ж. Нурматов – Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы
3.
Мүчөлөрү:
1. С. Толубаев – Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси
2. Женишбай у. Э – Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы.
3. Турдуев А - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты.
4. Келдибек у. Б – Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты.
5. Д. Назарбаев – Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты.
6. Ш. Каримова – Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты.
7. Т. Азимбаев - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты.
8. Ж. Мамашев - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты.
9. Эсенали у. У - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты.
10. Асанов А - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты.
11. А. Аттокуров – Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн турак-жай, курулуш, өзгөчө
кырдаалдар боюнча башкы адиси
1. Н. Максытов – Кыргыз-Ата айылынын айыл башчысы.
2. З. Камбаров – Ак-Булак айылынын айыл башчысы.
3. Муктар у. Ы – Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча адиси
4. К. Бодоев – Борко айылынын айыл башчысы.
5. О. Матиев – Кара-Кой айылынын айыл башчысы.
Жооптуу катчы | К. Заирова |