Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 29- апрели № 9-6
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 25-апрелинде “Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOIKA) жана Гуд Нейборс Интернешнл (GNI) бейөкмөт уюму тарабынан Борко айылына көп функцияналдуу борбор-кыска мөөнөттүү бала бакча куруу жөнүндө” № 18-токтомун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 25-апрелинде “Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOIKA) жана Гуд Нейборс Интернешнл (GNI) бейөкмөт уюму тарабынан Борко айылына көп функцияналдуу борбор-кыска мөөнөттүү бала бакча куруу жөнүндө” №18-токтомун бекитүү жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 25-апрелинде “Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOIKA) жана Гуд Нейборс Интернешнл (GNI) бейөкмөт уюму тарабынан Борко айылына көп функцияналдуу борбор-кыска мөөнөттүү бала бакча куруу жөнүндө” №18-токтому бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Женишбай у. Э |
| Тиркеме |
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
“____”____________ 2022-жыл №___________ Көтөрмө айылы
Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) жана Гуд Нейборс Интернешнл (GNI) бейөкмөт уюму тарабынан Борко айылына көп функцияналдуу борбор-кыска мөөнөттүү бала бакча куруу жөнүндө
Борко айылынын тургундарынын социалдык абалын жакшыртуу жана мектепке чейинки балдардын көп тараптуу өнүгүүсүнө шарттарды түзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. Борко айылындагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Борко ФАП тын 0,16 га жер аянтынын ичинен 0,04 га жер аянты Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) жана Гуд Нейборс Интернешнл (GNI) бейөкмөт уюму тарабынан курулуучу көп функцияналдуу борбор-кыска мөөнөттүү бала бакчанын имараты үчүн ажыратылып берилсин.
2. Көп функцияналдуу борбор-кыска мөөнөттүү бала бакчанын имаратынын курулушуна тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан көп функцияналдуу борбор-кыска мөөнөттүү бала бакчанын имараты үчүн ажыратылган жер аянтын каттоодон өткөрүп, жаңыдан мамлекеттик актыларды жасатып берүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Асановго тапшырылсын.
Башчы | М. Эшполотов |