Редакцияот 10.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезексиз VII-сессиясы

2021-жылдын 10- ноябры № VII-2

Гулистан айыл аймагынын “Бостон” айылына курулган жаңы мектепке откана (котельный) куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө

Гулистан айыл аймагындагы Бостон айылында жаңы “Б. Шаназаров” атындагы толук эмес орто мектеби курулган. Бул мектеп 2021-жылдын 1-сентябрынан баштап ишке киргизилген. Бул мектепти 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн, Гулистан айылдык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 70629-бөлүгүнүн 3111-беренесиндеги “Фрунзе” айылына скважина куруу үчүн ажыратылган 700 000 (жети жүз) миң сом акча каражаттан 150 000 (бир жүз элүү) миң сому  жаңы курулган “Б. Шаназаров” атындагы толук эмес орто мектебине откана куруу үчүн ажыратылсын. (Тиркеме тиркелет)

 

2. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттын максаттуу пайдалануу Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы       Ш. Таштемировго тапшырылсын.

 

3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңешинин  “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча”  туруктуу комиссияга тапшырылсын.     

 

Төрага:

У. Мирзакулов

 

 

Гулистан айылдык кеңешинин  (VII-шайланган) кезексиз VII-сессиясынын  № VII-2-токтомуна тиркеме

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн  2021-жылдагы жергиликтүү бюджетине  киргизилген өзгөртүүлөр (миң сом)

 

Чыгашанын   аталышы

Бөлүм

Берене

Сумма

 

 

 

 

Скважина курулушу

70629

3111

550,0

Мектепке откана куруу

70629

3111

150,0

 

 

 

 

Бардыгы

 

 

700,0

 

Гулистан айылдык

кеңешинин  жооптуу катчысы:

 

А. Абдураимов