ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезексиз VII-сессиясы
2021-жылдын 10- ноябры № VII-3
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлунүшүнүн Гулистан айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтык отчетун жана жазма буйругун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнундөгү 2016-жылдын 31-мартындагы № 22-Токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары жана Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жазма буйрук жана отчетун бекитиип берүү максатында, Гулистан айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текешерүнүн натыйжалары жөнүндөгү маалыматты карап чыгып талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Гулистан айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтык отчету жана жазма буйругу бекитилип берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнө:
- Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында аныкталган бюджет боюнча кемчилдиктерди жоюу боюнча туруктуу иш жүргүзүлсүн.
3. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында аныкталган бюджет боюнча кемчилдиктерди жоюу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө мыйзам чегинде тартиптик чаралар көрүлсүн.
4. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Мыйзам буузууларды четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар, аны аткарылышы жөнүндө Гулистан айыл кеңешине 2021-жылдын II-жарым жылдыгы боюнча маалымат берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |
|