Редакцияот 22.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги VIII -сессиясы

2022-жылдын 22- январы № VIII-5

Гулистан айыл өкмөтүнүн  алдындагы “Кара-Турпак таза суу” уюмунун 2021-жылда аткарган иштери жана 2022-жылга таза суу тарифин бекитип берүү жөнүндө

Гулистан айыл өкмөтүнүн аймагында калкты ичимдик суу менен камсыздоо максатында 2001-жылда “Кара-Турпак таза суу” уюму түзүлгөн. Бирок 2018-жылга чейин ар түрдүү себептер менен иш жүргүзбөгөн. 2018-жылда айыл аймагында   калкты ичимдик суу менен камсыздоо, ичимдик суу түтүктөрүн реабилитациялоо инвестиция тартуу максатында “Кара-Турпак таза суу” уюму кайрадан юстициядан катоодон өткөрүлгөн. Жетекчиси жаңыдан дайындалган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин  белгиленген иштер аткарылбай келүүдө. Гулистан айыл кенеши бул маселени карап чыгып, “Кара-Турпак таза суу” уюмунун ишин жандандыруу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Турпак таза суу” уюмунун аткарып жаткан иштери кемчиликтери менен канааттандырарлы деп белгиленсин.

 

2. Айыл аймагында ичимдик суу үчүн тариф убактылуу 2022-жылга суу түтүгү үйүнө орнотулган кожолуктарга айына 150 сомдон, көчөдөгү суу түтүктөрүнөн пайдалануучу кожолуктарга айына 100 сомдон, суу эсептегич орнотулган кожолуктардан бир метр кубына 16 сомдон деп белгиленсин.

 

3. “Кара-Турпак таза суу” уюмунун жетекчиси Э. Бектемировго:

- Айыл аймагындагы таза суу түтүктөрүн бардыгын тейлөөгө алуу.

- Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программанын аткарылышы боюнча 2022-жылдын 1-кварталында маалымат берүү тапшырылсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

У. Мирзакулов