ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги VIII -сессиясы
2022-жылдын 22- январы № VIII-7
Гулистан айыл аймагында тамарка салыгынын зоналык коэффицентин бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы кожолуктардын турак жай жана багбанчылык участокторунан алынуучу жер салыгынын зоналык коэффицентин бекитип берүү жана тамарка салыгынан жеңилдиктерди берүү боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн сунушун көрүп чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана жер салыгынын базалык чендери жөнүндөгү укуктук акктыларынын негизинде Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Гулистан айыл аймагындагы кожолуктардан алынуучу тамарка үчүн жер салыгынын зоналык коэффиценти 2022-жылга К1-1,2 кылып белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы кожолуктардын тамарка боюнча жер салыгынан берилүүчү жеңилдиктер 0,10 га өлчөмүндө белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |