ТоктомКүчүндө

Гулистан айыл кеңешинин 2022-жылдын 22- январындагы № VIII-8 «Гулистан айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 22.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезектеги VIII -сессиясы

2022-жылдын 22- январы № VIII-8

Гулистан айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана тийиштүү укуктук-ченемдик актыларынын негизинде Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы юридикалык, жеке ишкердик жүргүзгөн тараптар жана кожолуктардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйымдарды өлчөмү жөнүндөгү сунушун карап чыгып жана талкулап айыл кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Гулистан айыл аймагындагы юридикалык жактарга жана жеке ишкердик жүргүзгөн тараптардын иштегендердин санына карата таштанды жыйымы (ар бир иштеген кишиге) 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2. Гулистан айыл аймагындагы кожолуктарга таштанды жыйымы ар бир кожолукка 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

3. Таштанды жыйымын жыйноону 2022-жылдын 1-апрелине аяктоо Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

У. Мирзакулов