Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VII- шайланган) кезексиз IX -сессиясы
2022-жылдын 10- февралы № IХ-3
Гулистан айыл аймагындагы “Сабыр Калбеков” атындагы көчөсүндөгү көрүстөндүн көчө жагына элдер жүрүүчү жол (тротуар) ачуу боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн токтомун бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы “Сабыр Калбеков” атындагы көчөдө эски көрүстөндүн көчө жагына элдердин коопсуздугун эске алып, элдер жүрүүчү жол (тротуар) ачуу боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн токтомун бекитүү максатында, Гулистан айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы “Сабыр Калбеков” атындагы көчөсүндөгү эски көрүстөндүн көчө жагына элдердин коопсуздугун эске алып, элдер жүрүүчү жол (тротуар) ачуу боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн токтому бекитилсин. (Токтом тиркелет).
2. Бул көчөдөгү жөө жүрүчүүлөр үчүн ачылып жаткан жолдо мурда эгилип калган бак-дарактарды тийиштүү мекемелерден уруксат алгандан кийин кесүүгө уруксат берилсин.
3. Элдер жүрүүчү жолду ачуу боюнча керектелүүчү бардык иш-кагаздарды даярдоо Гулистан айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Тажимаматовго тапшырысын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |
| Тиркеме |
27-январь 2022-ж | ФРУНЗЕ АЙЫЛЫ |
ТОКТОМ | № 6 | ПОСТАНОВЛЕНИЕ |
Гулистан айыл аймагындагы Сабыр Калбеков атындагы көчөсүндөгүь көрүстөндүн көчө жагына элдер жүрүүчү жол (тротуар) ачуу жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы “Сабыр Калбеков” атындагы көчөсүндөгү көрүстөндүн көчө жагына элдер жүрүүчү жол (тротуар) жоктугуна байланыштуу жана элдердин коопсуздугун эске алуу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. Сабыр Калбеков атындагы көчөсүндө жайгашкан эски көрүстөндүн жанынан элдер жүрүүчү жол (тротуар) ачууга уруксат берилсин.
2. Жол ачуу үчүн жерди көрсөтүп берүү жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Тажимаматовго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун бекитип берүү жагы Гулистан айылдык кеңешинен суралсын.
4. Элдер жүрүүчү жол (тротуар) ачууга керектелүүчү документтерди даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура бөлүмүнөн суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Башчы: | Э. Шаназаров |