« Макулдашылды» Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы
_______________ Ө. Эсенбаев
19. 01. 2022-жыл | «Бекитемин» Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы
____________ Б. Мураталиев
19. 01. 2022-жыл |
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата аймактагы жарандардын социалдык маселелерин канаттандыруу максатында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участоктор менен камсыздоо боюнча
ПРОГРАММАСЫ
Төрт-Көл айыл өкмөтү райондун борборунан 13 км алыстыкта жайгашкан. Айыл өкмөтүндө 5 айылда 2981 кожолукта ар улуттан турган 14751 калк жашайт.
Айыл өкмөттүн аймагында 5 орто мектеп, 1 негизги мектеп, 1 башталгыч мектеп, 1 мектеп лицейи, 1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу, 3 ФАП, 1 аптека, 2 маданият үйү жайгашкан.
2001-жылдан бери жеке менчик турак жай салууга муктаж кезекте турган жарандарга жер тилкелери берилбей келе жатат. Ал эми турак жай куруу үчүн жер участокторун сурап айыл өкмөткө кайрылган атуулдардын саны күн сайын өсүүдө.
Айыл өкмөтү үй-бүлөөлүк чыр-чатактардын, кылымыштуулуктун алдын алуу, коомдук саясый абалдын туруктуулугун сактоо боюнча иш-чараларды эл арасында кадыр-барктуу таасирдүү инсандар менен биргеликте аткарып келе жатат. Үй бүлөө бул коомдун күзгүсү, бул жерде келечек муундар тарбияланып, мүнөздөрү калыптанат андагы тынчтык-бейкуттук, сый урмат эн кымбат нерсе.
Төрт-Көл айыл аймагынын тургундарынын социалдык маселелерин канаттандырууга жеке менчик турак жай куруу муктаждыктарын чечүү үчүн 2022-жылга карата төмөндөгүдөй программа каралган:
Макаренко айылында жеке менчик турак жай куруу үчүн №291 контурдагы жайыт жерден 10,81 га жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына трансформацияланат. 315 адам жашаган 93 үй-бүлө турак жай куруу үчүн 0,08 га өлчөмүндөгү жер участоктор менен камсыздалат.
Шоро-Башат айылында «Шоро» учаскасында №399-контурда 0,68 га жайыт, №397-контурда 1,32 га жайыт, «Чалдыбар» участкасында №12-контурда 3,77 га жайыт, №93-контурда 1,23 га жайыт, «Комплекс» участкасында №214-контурда 1,30 га жайыт, №213-контурда 3,90 га жайыт, №214-контурда 0,98 га жайыт, №232-контурда 0,04 га жайыт, №234-контурда 0,23 га жайыт, «Чалдыбар» участкасында №85-контурда 0,52 га жайыт, №86-контурда 0,90 га жайыт, №87-контурда 0,20 га жайыт, №84-контурда 1,88 га жайыт, жалпысынан: 16,95 га жайыт жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына трансформацияланат. 725 адам жашаган 145 үй-бүлө турак жай куруу үчүн 0,08 га өлчөмүндөгү жер участоктор менен камсыздалат.
Бостон айылында №1343-контурда 6,50 га жайыт, «Изолятор» участкасында №1349-контурда 1,28 га чөп сактоочу жай, №1350-контурда 4,70 га жайыт, №1408-1409-1413-контурда 5,54 га жайыт, №1414-контурда 0,08 га кыштоо, №1413-контурда 4,60 га жайыт, жалпысынан: 23,24 га жайыт жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына трансформацияланат. 975 адам жашаган 195 үй-бүлө турак жай куруу үчүн 0,08 га өлчөмүндөгү жер участоктор менен камсыздалат.
Ана-Кызыл айылындагы №816-контурда 2,29 га жайыт, №817-контурда 4,12 га жайыт, №853-контурда 0,24 га жайыт, №818-контурда 0,72 га чөп сактоочу жай, №1462-контурда 0,15 га кыштоо, №858-контурда 0,5 га жайыт. Жалпысынан: 8,02 га жайыт жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына трансформацияланат. 278 адам жашаган 65 үй-бүлө турак жай куруу үчүн 0,08 га өлчөмүндөгү жер участоктор менен камсыздалат.
Жалпысынан 58,48 га жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) сунушталат. Аталган жер тилкелери калктуу конуштардын четтеринде жайгашкан, бардык коммуникацияларды жеткирүүгө ынгайлуу шарттары бар.
Жооптуу катчы | З.Абакирова |