Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 16-сессиясынын кезексиз отурумунун
2022-жылдын 19- апрели № 2
№ 16 жол тейлөө мекемесинин башчысы А.Канкелдиевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
№ 16 жол тейлөө мекемесинин башчысы А.Канкелдиевдин Дароот-Коргон айылынын Дара участкасынан 4000 м3 таш жардыруу жумуштарын жасоо үчүн жер сураган кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 16-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. № 16 жол тейлөө мекемесинин башчысы А.Канкелдиевдин кайрылуусуна ылайык Дароот-Коргон айылынын Дара участкасынан 4000 м3 таш жардыруу жумуштарын жасоо үчүн жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелелүү жер аянттарын жер кодексине ылайык тактоо жана иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөт башчысы Ө.Мамажакыповго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча адистерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г.Мадалиев |