Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 16-сессиясынын кезексиз отурумунун
2022-жылдын 19- апрели № 5
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповдун жана ФЭБ башчысы Э.Сабыржановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын бөлүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 16-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн 4 800 000 сом акча каражаты айыл өкмөттүн 2022-жылга карата бюджетине толукталып төмөнкүдөй болуп жумшалсын
- билим берүүгө 2 000 000 сом
- ЖКХ 2 800 000 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г.Мадалиев |