Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 17-сессиясынын кезексиз отурумунун
2022-жылдын 13- майы № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетиндеги айыл чарба техникаларынын жергиликтүү тургундарга кызмат кылуудагы тарифтерин бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы таабалды уулу Чолпонбайдын Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетиндеги айыл чарба техникаларынын жергиликтүү тургундарга кызмат кылуудагы тарифтерин бекитүү жөнүндө сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 17-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетиндеги айыл чарба техникаларынын жергиликтүү тургундарга 1 (мото) сааттык иштөө тарифи төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
- фронталдый погрузчик LOVOL FL 953 маркасындагы спецтехникасынын 1 (мото) сааттык иштөө тарифи 3680,97 сом.
- Эксковатор бульдозер МТЗ-892,2-702 ЕВ маркасындагы спецтехникасынын 1 (мото) сааттык иштөө тарифи 1711,86 сом.
- МТЗ-82,1 маркасындагы айыл чарба техникасынын 1 (мото) сааттык иштөө тарифи 1362,13 сом.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба жана спецтехнкаларынын иштөө тарифи боюнча механизаторлордун эмгек акысын жана техникалардын амортизациялык туруктуулуугу эсептелинип берилсин.
3. Жогоруда бекитилген тарифке ылайык иш алып баруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы жана бухгалтерине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г.Мадалиев |