Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 17-сессиясынын кезексиз отурумунун
2022-жылдын 13- майы № 2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жергиликтүү жашоочулардын жайлоого чыгуу жана жайлоодон түшүү мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасынын Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жергиликтүү жашоочулардын жайлоого чыгуу жана жайлоодон түшүү мөөнөтөрүн бекитүү жөнүндө сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 17-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жергиликтүү жашоочулардын жайлоого чыгуу мөөнөтү 25-майга калбай жайлоого көчүрүлсүн ал эми жайлоодон көчүп түшүү мөөнөтү 1-октярдан кийин болуп бекитилсин.
2. Эгерде жогоруда белгиленген 25-майдан 1-октябрга чейинки мезгилде жергиликтүү тургундар малдарын эгин жайларга түшүргөн болсо жылкы жана кара мал жандыктардын ээсине 1 (бир) башка 1000 сом ал эми майда жандыктын 1 (бир) башына 100 сомдон айып пул салынсын.
3. Жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарда мал жаюу графигин бузган жайыт пайдалануучуга 1 (бир) баш бодо мал жана жылкы үчүн 250 сом ал эми майда малга 50 сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
4. Жергиликтүү тургундарды жайлоого көчүрүү жана жайлоодон түшүрүүнү жогоруда белгиленген даталарга ылайык жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, аткарууну жана жайыт графигин бузган жайыт пайдалануучу үчүн иш алып барууну колго алуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасына жана айылдардын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г.Мадалиев |