Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 17-сессиясынын кезексиз отурумунун
2022-жылдын 13- майы № 3
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы № 3-токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасынын жайыт комитетинин Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы № 3-токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 17-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-январында бекитилген № 3-токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин.
- малдын түрү бөлүгүндөгү топоз үчүн жайыт акы 1 башка 300 сом болсун
- жылкынын саны 738 баш жылкыга өскөндүгүнө байланыштуу жогоруда белгиленген мал жандыктардан түшкөн жайыт акы жайыттарды жана алардын инфраструктурасын кармоого жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г.Мадалиев |