Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын XII сессиясы
2022-жылдын 25- майы № 63
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 8-бөлүгүнө ылайык Токтогул кызы Заринаны кеңештин төрайымынын орун басарлыгынан бошотуп, 41-берененин 1-пуктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарын шайлоо жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары болуп Темирова Нуржамал шайлансын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | Б.Калмурзаева |