Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын XII сессиясы
2022-жылдын 25- майы № 64
Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү 2022-жылдын 11-февралындагы Кош-Этер айылынын элдик жыйынын №1 протоколун кароо жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Кош-Этер айылынын элдик жыйынынын 2022-жылдын 11-февралындагы №1 протоколунун негизинде Кош-Этер айылынын тургуну Окелов Төрөбайды Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Этер айылынын элдик жыйынынын 2022-жылдын 11-февралындагы №1 протоколуна ылайык Кош-Этер айылынын тургуну Окелов Төрөбайга Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы “Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.Калмурзаева |