Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын XII сессиясы
2022-жылдын 25- майы № 66
Акционердик коом “Жазы” көмүр ишканасынын Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө участкасынан 15,74 га жер аянтын көмүр казып иштетүүгө макулдук берүү жөнүндөгү 2022 жылдын 10-майындагы №15-сандуу сунуш катын кароо жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык АО “Жазы” көмүр ишканасынын Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө учаскасынан 15,74 га жер аянтын көмүр казып иштетүүгө макулдук берүү жөнүндөгү 2022- жылдын 10-майындагы №15-сандуу сунушун карап Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө участкасынын 15,74 га жер аянтын көмүр казып иштетүүгө макулдук берүү үчүн экологиялык абалы жеринен барып текшерилсин;
2. Торгой-Төбө участкасынан көмүр казуу үчүн Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 25 токтому эске алынсын жана Ак-Терек айылынын жалпы элдик жыйынында кайрадан каралсын;
3. Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө участкасынын 15,74 га жер аянтын көмүр казып иштетүүгө Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаттарынан жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен экологиялык абалын жеринен текшерүү үчүн төмөндөгүдөй коммиссия түзүлсүн:
1. Турдумамбетов А. - Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
2. Чекиров Ж. - Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
3. Кудайбердиев Т. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
4. Кыпчакбаев. Т -Ак-Терек айылынын айыл башчысы
5. Кайыпов Э. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
6. Жакыпов. Ж. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
7. Мокенов Э. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
8. Караева З. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
9. Кунаев Ш. - Салам-Алик а/ө жайыт комитетинин төрагасы:
Төрайым | Б.Калмурзаева |