Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын XII сессиясы
2022-жылдын 25- майы № 67
Салам-Алик айыл аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар жумуштарынын жүрүшү жана айыл башчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар жумуштарынын жүрүшү жана айыл башчылардын, “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясы төрагасы Турдумамбетов Алтынбектин жана жер адиси Нуралиев Жылдызбектин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар жумуштарынын жүрүшү жана ишмердүүлүгү жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер адиси Нуралиев Жылдызбектин берген маалыматы канаттандырылсын;
2.“Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясы төрагасы Турдумамбетов Алтынбектин Салам-Алик айыл аймагында жазгы талаа, мал чарба жөнүндө маалыматы кийинки сессияда угулсун;
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрайым | Б.Калмурзаева |