Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын XII сессиясы
2022-жылдын 25- майы № 69
Жайыт комитетинин 2022-жылда жайлоолорго малды жайгаштыруу иштери боюнча маалыматы жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык жайыт комитетинин төрагасы Кунаев Шухраттын 2022-жылдагы жайлоолорго малды жайгаштыруу иштери боюнча маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Кунаев Шухраттын 2022-жылдагы жайлоолорго малды жайгаштыруу иштери боюнча берген маалыматы канааттандырылсын;
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо- кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.Калмурзаева |