Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын XII сессиясы
2022-жылдын 25- майы № 71
15 жаш айылынын тургуну Эрматова Гүлжамалдын баласына мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фонду жеринен 1,0 га жер берүү жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык 15жаш айылынын тургуну Эрматова Гүлжамалдын баласына мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фонду жеринен 1,0 га жер берүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 15 жаш айылынын тургуну Эрматова Гүлжамалдын баласына мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фонду жеринен 1,0 га жер берилсин жана жер салыгы жеңилдетилген түрдө берилсин.
2. Келишимдин негизинде жерди бөлүп берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо- кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.Калмурзаева |