Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын XII сессиясы
2022-жылдын 25- майы № 72
Ак-Терек айылынын тургуну Калдарбек уулу Медербекке Ак-Терек айылынын Кудук участкасындагы “Эл достугу” көчөсүнөн айыл чарбасына жараксыз жеринен жер берүү жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 34-беренесинин 2-пунктунун 5-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 27-беренесинин 1-пунктуна таянып,Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын тургуну Калдарбек уулу Медербекке Ак-Терек айылынын Кудук участкасынан айыл чарбасына жараксыз жеринен жер берүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарбасына жараксыз жерге контейнер коюуга Ак-Терек айылынын тургуну Калдарбек уулу Медербекке жер бөлүп берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге сунушталсын;
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо - кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.Калмурзаева |