Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын XII сессиясы
2022-жылдын 25- майы № 73
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Салам-Алик айылындагы Бекболотов Темир көчөсүндөгү жыгач мамычаларын жана элекр чубалгыларын алмаштыруу жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Бекболотов Темир көчөсүндөгү электр чубалгысы тартылган жыгач мамычалары эскирип пайдаланууга болбой калгандыгына байланыштуу 5 бетон столба ,1000 метр зым алып берүү жөнүндө Салам-Алик айылынын тургуну Сыдыков Толкунбектин арызын карап ,Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айылынын Бекболотов Темир көчөсүндөгү электр чубалгысы тартылган жыгач мамычалары эскирип пайдаланууга болбой калгандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн бюджетте каралган өзгөчө кырдаалдарга бөлүнгөн акча каржатынын эсебинен 50,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Б.Калмурзаева |