Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын XII сессиясы
2022-жылдын 25- майы № 74
Салам-Алик айыл аймагындагы айылдарга жеке турак жай салуу үчүн жер тилкесинин аянтын 0,08 га кылып бекитип берүү жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-пунктунун негизинде Салам-Алик айыл аймагындагы айылдарга жеке турак жай салуу үчүн жер тилкесинин аянтын 0,08 га бекитип берүү жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин оозеки сунушун карап Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл аймагындагы айылдарда жашап жаткан ар бир атуулга жеке турак жай салуу үчүн жер тилкесинин аянты 0,08 га болуп бекитилсин
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо - кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.Калмурзаева |